Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 14,1%га өстү

12 августа 2022, 09:18

ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2022-жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8%га өстү. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комитет билдирет.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүүсү Арменияда – 5,8%, Казакстанда – 3,5%, Россияда – 2%, Беларусияда – 5,2%га азайганы белгиленген. Кыргызстанда өсүш 14,1% түздү.

"Өндүрүштүн көлөмү өзгөчө тоо-кен казып алуу тармагында жана карьерлерди иштетүүдө 3,9%га өстү. Өндүрүштүн көлөмү кайра иштетүү өнөр жайында 0,7%га, электр менен камсыздоодо, газ, буу жана кондициялоодо 0,5%га өскөн. Суу менен камсыздоо, канализация тармагында, таштандыларды чогултууну жана бөлүштүрүүнү көзөмөлдөөдө бул көрсөткүч 2,3%га төмөндөгөн", - деп белгиледи комиссия.

Эске салсак, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, январь-июль айларында Кыргызстандын өнөр жайынын көлөмү 227,5 миллиард сомду түздү.