Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 10,6% га төмөндөгөн

13 июля 2021, 15:00

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдын январь-июнь айларында 154 млрд сомду түздү жана өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 10,6% га кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Төмөндөө фармацевтикалык продукцияны (36,5% га), негизги металлдарды жана даяр металлдан жасалган буюмдарды, ошондой эле химиялык продукцияларды (31,2% га) өндүрүүнүн төмөндөшү менен шартталган.

Мындан тышкары, курулушта терс тенденциялар байкалган, анда көлөмдүн азайышы 14,2% түзгөн, ал эми айыл чарбасында, тескерисинче, көлөмдүн 1,3% га, дүң жана чекене соодада - 11% га жогорулоосу байкалган.