Өлкөдө өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 12% га төмөндөдү

12 мая 2021, 12:00

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдын январь-апрель айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12% га төмөндөгөн. Бул тууралуу статистика комитети билдирди.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, көрсөткүч химиялык продукцияны өндүрүү көлөмүнүн 33% га төмөндөшүнө байланыштуу.

Ошондой эле, негизги металлдарды жана металл буюмдарын өндүрүү 31,5% га төмөндөгөн. Мындан тышкары, фармацевтикалык продукцияны өндүрүү 30,5% га кыскарган.