Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 628 млн долларга жетти

10 ноября 2022, 11:06

Кыргызстанга келген түз чет элдик инвестициянын көлөмү 628 миллион долларга жетти. Бул тууралуу вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев Бишкек инвестициялык форумунда билдирди.

Ошондой эле, ал түз инвестициялардын негизги көлөмү геологиялык чалгындоого, тоо-кен иштерине, маалымат жана коммуникация тармагына багытталгандыгын кошумчалады. 

“Экономиканын приоритеттүү тармактарына инвестиция салган инвесторлор жеңилдиктерге жана артыкчылыктарга ээ болушат”, - деди Төрөбаев.