Өлкөдө рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 12,7%га өстү

30 марта 2023, 16:36

Республиканын бардык аймактарында рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү өстү. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

Алсак, 2023-жылдын январь-февраль айларында аймактагы рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 127,7 млрд сомду түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,7%га көбөйдү.

Мында калкка рыноктук кызмат көрсөтүү 11,5 пайызга жогорулап 88,4 миллиард сомго жетти. Баарынан да көрсөткүч Бишкек шаарында (16,9%), Жалал-Абад облусунда (14,9%) жана Баткен облусунда (9,6%) өскөн.