ЕАЭБдеги курулуш иштеринин көлөмү бир жылдын ичинде 6,6% га өстү

17 сентября 2021, 09:15

ЕАЭБде 2021-жылдын январь-июль айларында аткарылган курулуш иштеринин көлөмү 76,6 млрд долларды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөм 6,6%га көбөйдү, деп айтылат ЕЭКтин отчетунда.

Курулуш иштеринин көлөмүнүн өсүшү Беларусияда (6,7%) жана Казакстанда (6,3%) гана байкалууда.

Орусияда курулуш иштеринин көлөмү 1%га, Арменияда 6,7%га, Кыргызстанда - 27,5%га кыскарды.