КФБнын соода көлөмү 82,6% кыскарды

2 декабря 2022, 09:55

Өткөн жумада Кыргыз фондулук биржасында катталган бүтүмдөр боюнча сооданын жалпы көлөмү 82,6%га кыскарып, 8,67 млн ​​сомду түздү. Бул тууралуу биржанын сайтына жарыяланды. 

Бүтүмдөр корпоративдик сектордо гана катталганы белгиленген.

Биринчилик рынокто бүтүмдөр үч компаниянын корпоративдик облигациялары менен гана катталган:

“UBS Transit” ЖАК - 30 миң сом;
 “Үй куруу. KG” ЖЧКсы- 2,44 млн сом;
“Азия Банкы” ЖАК – 6,15 млн.

Экинчилик рыноктун бөлүмүндө 40 миң сомдук 4 гана бүтүм жасалган. “Кыргызстан” КБ ААКнын жөнөкөй акциялары менен 30 миң сомдук бүтүмдөр жүргүзүлүп, акциянын баасы 7 – 8,5 сомду түздү. Бөлүмдөгү 1 бүтүм “Биринчи металлобаза” ЖЧКсынын номиналы 10 миң сомдук облигациялары менен түзүлгөн.