Биржада сооданын көлөмү 20% кыскарды

2 ноября 2021, 10:19

Өткөн аптада, 25-октябрдан 29-октябрга чейин Кыргыз фондулук биржасынын соода системасында корпоративдик сектордун баалуу кагаздары менен жалпы көлөмү 15,9 миллион сомду түзгөн 55 бүтүм катталды. Бул тууралуу биржа сайтында маалымдалды.

Өткөн мезгилге карата соода көлөмүнүн 20% деңгээлинде төмөндөшү катталган.

"Төмөндөөгө биринчилик рынок, атап айтканда, корпоративдик облигацияларды жайгаштыруу көлөмүнүн азайышы жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялардын жоктугу таасир эткен. Бул жумада экинчилик рынок позитивдүү аймакта болду, компаниялардын акциялары менен болгон бүтүмдөрдүн көлөмү бир аз көбөйдү", - деп белгилешти Kыргыз фондулук биржанын аналитиктери.

Алсак, экинчилик рынокто 1,7 млн ​​сомго 22 бүтүм катталды, бул бир жума мурункудан (1,1 млн сомго) 54%га көп.