ЕАЭБ биржаларында соода көлөмү 3,6 трлн долларга жетти
Быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде Евразия экономикалык биримдигинин фондулук рыноктору өсүүнү улантты. ЕЭК билдиргендей, жалпы соода көлөмү 3,6 триллион долларга жетти.
Комиссиянын маалыматы боюнча, соода 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9% га өстү. Эң чоң өсүш Армения (39%га) жана Казакстанда (75%га) баалуу кагаздар рыногунда байкалды.
2021-жылдын үчүнчү чейрегинде ири товардык биржаларда соода көлөмү 7,7 миллиард долларга жетти жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 49% га өстү. Соода лидерлери мунай продуктылары жана баалуу металлдар.