Биржада сооданын көлөмү 89,3%га төмөндөдү

23 марта 2023, 09:40

Ушул жылы 13-марттан 17-мартка чейин корпоративдик баалуу кагаздар менен 24 бүтүм катталып, сооданын жалпы көлөмү 4,24 миллион сомду түздү, мында сооданын көлөмүнүн 74,64%ын корпоративдик облигациялар менен операциялар ээлейт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Өткөн мезгилге салыштырмалуу көлөм 89,3%га кыскарган, төмөндөө акцияларды жайгаштыруу боюнча ири бүтүмдөрдүн жоктугунун жана корпоративдик облигацияларды сатуу көлөмүнүн азайышынын натыйжасында биринчилик рынокто да болгон. Ал эми экинчилик рынокто акцияларды сатуунун көлөмүнүн төмөндөшү жана облигациялар менен операциялардын жоктугу байкалган.

Биринчилик рынокто бүтүмдөр компаниялардын корпоративдик облигациялары менен гана катталып, сооданын жалпы көлөмү 3,17 млн. сомду түзгөн. Корпоративдик облигациялар "Азия Банкы", "OXUS микрофинансылык компаниясы", "Элет-Капитал", МФК "AБН", "Строй Дом. КГ", "Группа К51" тарабынан жайгаштырылды.

Экинчилик рынокто жалпы суммасы 1,08 млн сомду түзгөн акциялар менен төрт гана бүтүм катталган. Көлөмү боюнча ири бүтүмдөр "Кредиттик союздардын Финансы компаниясы" ААКнын 1,04 млн сом суммасындагы жөнөкөй акциялары менен ишке ашырылган, экинчилик рыноктун соода көлөмүнүн 96,59%ын ээлеген. Бүтүмдөр боюнча акциянын баасы 0,80 - 0,83 сом деңгээлинде белгиленген. "Евразия сактык банкы" ААКсынын (30 миң сом) жана "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын (10 миң сом) акциялары менен операциялар аз көлөмдө жүргүзүлгөн.