КФБда сооданын көлөмү 64,3%га өстү

14 июля 2023, 13:25

Кыргыз фондулук биржасындагы сооданын көлөмү 64,3%га өсүп, 3 млн 128 миң сомду түздү. Муну статистика далилдеп турат.

Негизинен соода-сатыктар “Микрофинансылык компания “Элет-Капитал” ЖАКтын 1 миллион 15 миң сомго, “Стар Шина” ЖЧКсынын 1 миллион сомго жана “Дос-Кредобанк” ААКнын жашыл облигацияларын 1 миллион сомго сатуусу аркылуу камсыздалган.