Бир жума ичинде биржада сооданын көлөмү 29,6 млн сомду түздү

13 февраля 2023, 11:12

Өткөн аптада, 6-февралдан 13-февралга чейин Кыргыз фондулук биржасынын соода системасында 10 ата мекендик компаниянын баалуу кагаздары менен 60 бүтүм катталды.

Натыйжада 17 миң 788 баалуу кагаз – 16 миң 31 облигация жана 1 миң 757 акция сатылды. Соодалардын жалпы суммасы 29 млн 563,7 миң сомду түздү.

Динамика “Манас” аэропортунун акциялары менен гана көрсөтүлдү. Алар бир акцияны 660-940 сомдун аралыгында соодалашкан. Бир жуманын ичинде эле алты бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча акционерлер 93,3 миң сомго 125 баалуу кагаз сатышты.