Кыргыз фондулук биржасында сооданын көлөмү 4,7 эсеге өстү

25 октября 2021, 16:23

Өткөн аптада, 18-октябрдан 22-октябрга чейин сооданын көлөмү өткөн мезгилге салыштырмалуу 4,7 эсеге өсүп, 20 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Белгилей кетсек, бир жума мурун компаниялар жана акционерлер биржадан 4,2 миллион сом чогултушкан.

"Бүтүмдөр корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен жазылган. Өсүшкө корпоративдик облигацияларды жайгаштыруу көлөмүнүн көбөйүшү жана жүгүртүү мөөнөтү эки жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча бүтүмдүн белгилениши биринчилик рыноктун таасиринде болду", - деп түшүндүрүшөт биржанын аналитиктери.

Ошол эле учурда, экинчи жума ичинде, тескерисинче, компаниялардын акциялары жана облигациялары менен болгон бүтүмдөрдүн көлөмүнүн азайганын көрсөттү.