Өткөн жумада сооданын көлөмү 48,8% га төмөндөгөн

10 мая 2021, 16:50

Kыргыз фондулук биржасынын сайтына ылайык, май айынын биринчи жумасында биржанын соода аянтында 2,2 миллион сом суммасында 26 бүтүм катталган.

Мындан тышкары, мамлекеттик казына векселдери менен жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон 600 миң сом суммасында эки бүтүм катталган.

Корпоративдик сектордун биринчи рыногунда "Салым финанс" микрофинансылык компаниясы менен "Баркад" компаниясынын корпоративдик облигацияларын жайгаштыруу боюнча гана бүтүмдөр түзүлүп, алардын жалпы соода көлөмү 1,7 млн сомду түзгөн.

Экинчи рыноктун бөлүмүндө жалпы сандын ичинен 16 бүтүм жүргүзүлүп, анын көлөмү жуманын аягында 200 миң сомду түздү.

"Кант цемент заводунун" акциялары 30 сом, "ТНК Дастан" ишканасынын акциялары 31 сом жоготконун кошумчалайбыз.