Ош облусу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын көлөмү 8,3%га кыскарды

13 ноября 2021, 11:52

Ош облусунун ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 8,3%га кыскарды. Мындай тыянактарды Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарынын негизинде чыгарууга болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын жалпы көлөмүндө аймактын үлүшү 0,9%ды гана түзөт.

Расмий статистикага ылайык, ушул жылдын январь-август айларында Ош облусу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 18 миллион 988,5 миң долларды түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миллион 731,5 миң долларга азайган.