Кыргызстан аркылуу транзиттик каттамдардын көлөмү 98%га өстү

31 мая 2023, 15:44

Былтыркы жылы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы тейлеген жарандык аба кемелеринин жалпы саны транзиттик каттамдарды кошкондо 43,41%га көбөйдү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 20 миң 137 рейске өсүүгө барабар.

Тейлөөлөрдүн санынын көбөйүшүн ар кандай факторлор менен түшүндүрүүгө болот, анын ичинде транзиттик каттамдардын орточо 98,29%га, Манас, Ош жана Ысык-Көл аэропортторуна туруктуу ички каттамдар орточо 17,76%га жана жогоруда аталган аэропортторго үзгүлтүксүз эл аралык каттамдар орто эсеп менен 192,67%га көбөйүшүн кошсо болот.

"2022-жылы компания жалпысынан 67 миң 132 рейсти тейледи, бул 2021-жылы аткарылган 47 миң 314 рейске караганда көп", — деп билдирет Мамлекеттик мүлк фонду.

Тейлөөчү каттамдардын көбөйүшү "Кыргызаэронавигациянын" каржылык жыйынтыгында да чагылдырылды. 2022-жылы мамлекеттик ишкананын кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 30,5%га, же 384 млн 401,6 миң сомго өскөн.