Улуттук валютадагы депозиттердин көлөмү жыл башынан бери 20,8 млрд сомго көбөйдү
Улуттук банктын маалыматы боюнча, августтун аягында коммерциялык банктардын жалпы депозиттик базасы 206,5 миллиард сомго жеткен.
Жалпы көлөмдүн 120,6 миллиард сому улуттук валютадагы депозиттер. Бир айда алардын көлөмү 4 миллиард сомго, ал эми жыл башынан бери 20,8 миллиард сомго көбөйдү.
Жыл башынан бери чет өлкөлүк валютадагы депозиттер 6,4 миллиард сомго көбөйүп, 85,9 миллиард сомго жетти.