Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 21,4%га өстү

15 января 2022, 09:24

Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 6,3 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

2020-жылдын январь-ноябрына  салыштырмалуу 21,4 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 20,1 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 43,9 пайызга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын  ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара жалпы сооданын көлөмү 46 пайызды түздү.