Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы жана өз ара соода көлөмү 30% өстү

11 ноября 2022, 10:33

Быйыл тогуз ай ичинде Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 3,2 миллиард долларды түздү. Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо 45%га кыскарса, импорттоо, тескерисинче, 25,3%га өстү.

Ушул жылдын январь-август айларында Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп Орусия 70,1% жана Казакстан 27,6% менен өз ара соода алакасын түздү.