Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 3 млрд кубометрге аз

14 сентября 2021, 15:45

Ушул жылдын 14-сентябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,1 миллиардды түздү.

2020-жылдын ушул күнүндө суу сактагычтагы суунун көлөмү 15,1 миллиард кубометрди түзгөн.

Суунун агып кириши секундуна 318 кубометр, агып чыгышы 137 кубометр болду.