Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,9 млрд куб метрге жетти

12 августа 2021, 14:30

2021-жылдын 12-августуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 922 миллион кубометрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынан билдиришти.

Акционердик коомдун маалыматы боюнча, суунун агып кириши секундуна 482 кубометр, чыгышы 436 куб метрди түзөт.