Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд куб метрден төмөндөдү
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард куб метрден азайды. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын сайтына жарыяланды.
Бүгүн, 10-январда суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 миллиард 723,15 миллион кубометрди түздү. Бул бир ай мурункуга салыштырмалуу 1 миллиард 528,83 миллион кубометрге аз.
Учурда суунун орточо агып кириши секундасына 150 куб метрди түзөт. Мында суунун чыгымы секундасына 673 куб метрди түзүүдө.
Белгилеп кетсек, өткөн жылдын 10-январында суунун көлөмү 9 миллиард 859,92 миллион метр кубду түзгөн.