Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд куб метрден азайды

24 ноября 2022, 16:41

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард куб метрден төмөндөдү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын сайтына жарыяланды. 

Ушул жылдын 4-ноябрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 945 миллион кубометрди түзгөн. 

Учурда суткасына суунун орточо агып кириши секундасына 188 куб метр болууда. Мында суунун агымы секундасына 483 кубометрди түзөт.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 24-ноябрында суунун көлөмү 11 миллиард 239,80 миллион метр куб болгон.