Токтогулдагы суунун көлөмү 12,2 млрд кубометрден ашты

18 октября 2021, 14:00

Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 204 миллион кубометрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынан билдиришти.

Өткөн жылдын ушул мезгилине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиарддан ашык кубометрди, ал эми 2019-жылы 17,2 миллиардды түзгөн.

Суунун агып кириши секундуна 215 кубометр, агып чыгышы 372 кубометр болууда.