Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,2 млрд кубометрди түздү

25 августа 2023, 17:12

25-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 200,20 кубометрди түзүп, былтыркы жылдын ушул күнүнө карата 1 млрд 996,19 млн кубометрге азайган. Мындай маалыматтар "Электр станциялары" ААКнын сайтында берилген.

Суу сактагычка суунун орточо агып кириши секундуна 433 метр кубду, чыгымы секундасына 357 метр кубду түзүүдө.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 25-августунда суунун көлөмү 13 млрд 196,39 млн метр кубду түзгөн.