Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,2 млрд куб метрди түздү

20 сентября 2021, 15:00

Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,2 миллиард куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынан билдиришти.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилине карата суунун көлөмү 15,1 миллиард куб метр болчу.

Суунун агып кириши секундуна 312 кубометр, чыгышы 260 кубометрди түзөт.