«Кумтөрдүн» бюджетке төлөмдөрүнүн көлөмү 1,3 эсеге өстү

8 марта 2023, 10:51

Былтыркы жылы “Кумтөр Голд Компани” республикалык бюджетке жалпы салыктарды кошкондо, Социалдык фондго чегерүү жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 32,1 миллиард сом (367,1 миллион доллар) төлөгөн. Бул тууралуу компаниянын сайтына жарыяланды. 

Алдын ала 2022-жылга 30,1 млрд сом төлөмдөрдү түшүрүү пландалган.

Белгилей кетсек, компания 2021-жылы бюджетке 160,1 миллион доллар түшүрсө, 2021-жылдан тарта төлөмдөр 130%га өскөн.