Кыргызстанда банктардын ипотекасынын көлөмү бир жылдын ичинде 9,6% га өстү
Коммерциялык банктардын ипотекалык портфели февраль айынын акырына карата 17,1 млрд сомго жетти. Өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу өсүш 9,6% түзгөн - анда Улуттук банкынын маалыматы боюнча, кредит портфели 15,5 миллиард сомду түзгөн.
Отчеттук мезгил ичинде жылдык орточо ставкалардын 13% дан 12,4% га чейин төмөндөшү байкалган.
[жаңылыктар 33958]
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жалпы кредит портфели 163,1 миллиард сомго чейин азайган.