Жыл башынан бери насыялардын көлөмү 12,4 млрд сомго көбөйгөн

26 июля 2021, 10:40

Кыргызстандын коммерциялык банкынын кредит портфели июнь айынын акырына карата 173 миллиард 456 миллион 733 миң сомду түздү. Анын ичинен улуттук валютадагы насыялар 69%, чет элдик валютада - 30% түзөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, июнь айынын акырына карата улуттук валютада берилген насыялардын көлөмү 121,1 млрд сомду түзүп, ушул жылдын май айына салыштырмалуу 1,7 млрдга көбөйгөн. Чет элдик валютадагы насыя портфели июнь айынын акырына карата 52,2 млрд түзүп, өткөн айга салыштырмалуу 347,5 млн сомго көбөйгөн.

Жыл башынан бери улуттук валютадагы насыялардын көлөмү 12,4 миллиард сомго өскөн.