Кичи жана орто бизнестердин өндүрүш көлөмү ИДПнын 33% түзөт

19 сентября 2019, 16:01

2018 – жылы кичи жана орто ишканалар 231 млрд. сомго продукция чыгарышкан, бул ИДПнын 41.5% түзөт. 2019 – жылдын I жарым жылдыгында иштелип чыккан продукция ИДПнын 33% түзгөн. Бул маалыматты Улуттук статистика комитети билдирет. 

2018-жылы чакан жана орто ишканалардын энчисине жалпы өндүрүлгөн ундун 42 пайызы, минералдык суулардын 29 пайызы, өсүмдүк майынын 16 пайызы, эмеректердин 45 пайызы, ошондой эле пластмасса идиштер менен бөтөлкөлөрдүн жалпы көлөмү туура келген. 

        2018-жылы чакан жана орто ишканалар өндүргөн өнөр жай продукциясынын көлөмү                                                                                         аймактар боюнча
                (жалпы өнөр жай продукциясынын көлөмү аймактардагы пайызы боюнча)

Официалдуу маалыматка ылайык, орто жана кичи ишканаларда иштеген жумушчулардын орточо айлыгы – 12 миң сомду түзөт.