ЕАЭБдин тышкы соода көлөмү 2020-жылдын 10 айында 501,6 миллиард доллардан ашты

24 декабря 2020, 11:20

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында ЕАЭБ өлкөлөрү үчүнчү өлкөлөр менен 501,6 миллиард долларга соода жүргүзүшкөн, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу соода 103 миллиард долларга азайган, деп маалымдайт ЕЭК.

Комиссиянын маалыматы боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорту 294 миллиард долларды түзсө, импорт 207 миллиард доллардан ашты.

Эгерде октябрь айын өзүнчө алып карасак, жалпы соода көлөмү 54 миллиард долларды түздү, анын ичинен экспорт 30,3 миллиард долларды, импорт 23,7 миллиард доллар болду.