KICBнин облигациялары фондулук биржада сатыкка чыкты

20 декабря 2021, 09:27

“Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы” корпоративдик облигациялардын алтынчы чыгарылышын сатуу боюнча сунушту Кыргыз фондулук биржасына тиркеди. Бул тууралуу маалымат биржалык котировкаларда жарыяланды.

Бүгүнкү күндө банктын 199 миң 998 баалуу кагазынын бир нускасы 1 миң сомдон сатылууда. 17-декабрда облигацияларды сатып алуу боюнча биринчи келишим болуп, баалуу кагаздардын эки нускасы сатылып алынган.

Кошумчалай кетсек, алтынчы чыгарылыштын жалпы көлөмү 200 млн сомго бааланган. Кирешелүүлүк, банктын мурдагы чыгарылыштагыдай эле 12 пайызды түзөт.