«Салым Финанстын» облигациялары 3 млн сомдон ашык каражатка сатылды

18 марта 2024, 16:44

18-мартта Кыргыз фондулук биржа системасында “Салым Финанс” микрофинансылык компаниясы ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен үч бүтүм катталды. Маалымат биржа сайтында жайгаштырылган.

Аукциондун жыйынтыгында 3 миң 615 облигация 3 млн 615 миң сомго сатылды. Облигациялардын баасы 1 миң сомду түздү.

Эске сала кетсек, январь айынын аягында “Салым Финанс” микрофинансы компаниясы облигациялардын кирешеси төлөнөрүн жарыялаган.