«Один доллар» акча алмаштыруу жайы жабылды

9 февраля 2024, 10:44

Улуттук банк Бишкектеги “Один доллар” акча алмаштыруу бюросунун лицензиясын жокко чыгарды. 

Тактап айтканда, 9-февралынан тарта Бишкек ш., Шопоков 91 көч., Цум-2 соода жайынын 1-кабатында жайгашкан акча алмаштыруу жайы жабылган.  

Мындай чечим лицензияда көрсөтүлбөгөн иштер аткарылганына байланыштуу кабыл алынганы айтылат.