Бишкектеги акча алмаштыруу жайларынын бири ишин токтотту

25 марта 2024, 17:15

Улуттук банк Бишкектеги акча алмаштыруу жайларынын биринин лицензиясын чакыртып алды. Бул тууралуу Улуттук банкы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары, 8-кичи район, 31 а корпус, 52-батир дарегинде жайгашкан "Эко Лайн Сервис" ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынын лицензиясы жоюлду. 

Бул мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна байланыштуу.