Акча алмаштыруучу жайлар штаттык режимде иштей башташат

12 октября 2020, 09:03

Бүгүн, 12-октябрь күнү борбордогу акча алмаштыруучу жайлар штаттык режимде иштей башташат. Бул тууралуу «Акчабарга» «Альянс» акча алмаштыруучу жайлар Ассоциациясынын жетекчиси Чыңгыз Бийлибаев билдирди. 

Эске сала кетсек, өлкөдөгү туруксуз кырдаалдан улам өлкөдө акча алмаштыруучу жайлар 6-октябрдан тарта иштей башташкан. Ал эми коммерциялык банктар кыскартылган режимде иштөөгө өтүшкөн. 

Кошумчалай кетсек, бул убакыт аралыгында өлкөдө валюталар курсу жаңыланган эмес.