«Евразия сактык банкынын» башкармалыгынын курамы жаңыланды

21 августа 2023, 15:22

"Евразия сактык банкынын" башкармалыгынын курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Башкармалыктын төрагасы болуп Улан Орозбаев, анын орун басары болуп Рысбек Исакунов дайындалды.

Ошол эле учурда Таалайбек Алыбаев, Жамила Имаралиева жана Аскар Жантаев коллегияга мүчө болушту.