ЕАЭС мамлекеттеринин чекене соода жүгүртүүсү 317.2 млрд.$ түзгөн

9 сентября 2019, 09:02

2019-жылдын акыркы жети айында ЕАЭС мамлекеттеринин чекене соода жүгүртүүсү 317.2 млрд. $ түздү. 2018 – жылга салыштырмалуу 2%га көбөйгөн. Бул туралуу Евразия экономика комитети билдирет. 

Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү Арменияда 8.2%га өсүп, 1 млрд 712.9 млн долларды түзгөн, Казакстан менен Беларусияда – 5.4% жана 5.2%га өскөнү байкалган. Кыргызстанда 4.1%га, тактап айтканда, 2 млрд. 353.6 млн. долларга, Россияда 1.6%га  өскөн. ЕАЭС мамлекеттеринин чекене соода жүгүртүүдөгү айлануусунан 89.65% Россияга которулат.