Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борбору түзүлдү

16 января 2022, 10:14

Министрлер кабинети тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борборун түзүү чечими кабыл алынды.

Аталган чечим эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоого багытталган.

Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борбору Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу түзүм болуп саналат.