Былтыр мамлекеттик ишканалардын жалпы кирешеси 2 млрд сомдон ашты

7 марта 2023, 10:41

Кыргызстанда 2022-жыл 33 мамлекеттик ишкана киреше менен аяктаса, 12 мамлекеттик ишкана чыгаша менен аяктады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, оперативдүү маалыматтар боюнча мамлекеттик ишканалардын жалпы таза кирешеси 2 миллиард 343,4 миллион сомду түзгөнү белгиленген.