Казакстандагы тополоң бизнеске келтирген зыяндын жалпы суммасы 103 млрд теңгеден ашты

13 января 2022, 10:10

Ушул жылдын 5-январында башталган тополоңдун натыйжасында казакстандык ишкерлерге келтирилген зыяндын жалпы суммасы 103,7 млрд теңгени же 239 млн доллардан ашты.Мындай маалыматты Казакстандын Улуттук ишкерлер палатасы билдирди.

Белгиленгендей, Актөбө жана Мангыстау облустарынан келтирилген зыяндар боюнча маалыматтар келип түшүүдө. Учурда бул аймактардагы 4,8 миң ишкер жабыр тартканы тууралуу маалымат белгилүү болгон.

Ошол эле учурда эң көп Алматыдагы бизнес жабыркап, 102,2 млрд теңге же 236,7 млн доллар зыян тартты.