Коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык талаптарга көзөмөл күчөтүлөт

23 апреля 2024, 11:37

Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө күчөтүлөт.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Бишкектеги ресторандардын биринде жарандардын жапырт ууланганына байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өттү.

Анда тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн жогорулатуу сунушталды. Экономика министрлигине жеке коомдук тамактануу жайларына электрондук эсеп-фактураларды колдонуу, сертификаты бар гана азыктарды сатып алуу, ашканаларда байкоочу камераларды милдеттүү түрдө орнотуу жөнүндө сунушту иштеп чыгуу тапшырылды.