Ломбарддардын жалпы уставдык капиталы 591,7 млн сомго жетти

27 декабря 2023, 14:09

Быйылкы жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ломбарддары республиканын бюджетине 69,7 млн сом салык которду. Бул тууралуу Мамлекеттик финансы көзөмөлдөө кызматы билдирди. 

Жалпысынан Кыргызстанда 423 ломбард иштейт, алардын 40%ы Бишкек шаарында жайгашкан. Ошондой эле, эң көп ломбарддар Ысык-Көл, Чүй облустарында жана Ош шаарында катталса, эң аз ломбард Баткен облусунда жайгашкан. 

“259 ломбард уставдык капиталын мамлекеттик талаптарга ылайык келтирүү боюнча иштерди жүргүзгөн. Ломбарддардын жалпы уставдык капиталы 2023-жылдын тогуз айында 591,7 млн сомго жетти”, - деп белгиледи Финансы көзөмөлдөө кызматы.