Пенсионерлер үчүн кыймылсыз мүлккө болгон салык жеңилдеши мүмкүн

12 сентября 2019, 09:31

ЖК депутаттар пенсионерлер үчүн кыймылсыз мүлккө болгон салыкка жеңилдиктердин каралышы тууралуу талкуу жүргүзүштү. Бул мыйзам долбоору талкууга биринчи окууда каралды. 

Бул мыйзам долбоорду 35 эл өкүлү демилгелеп чыккан. 

Талкуу учурунда депутаттар Дастан Бекешов жана Кенжебек Бокоев кыймылсыз мүлккө болгон салыкты жоюп салыш керек экендигин же бобосо баардыгы бирдей болуш керек экендигин  айтып чыгышты. 

Андан сырткары, бул демилгеге депутаттар Улугбек Ормонов, Алмазбек Батырбековдор дагы каршы чыгышты. Эл өкүлдөр кыймылсыз мүлккө болгон салык “кымбат салыктар” деп киргизилгендиктен, ага жеңилдик кароо туура эмес экенин билдиришти. 

Бул боюнча ЖК Экономика жана каржы саясат боюнча комитети өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду четке кагуу керек экендигин сунушташты.