КРнын медициналык окуу жайларын Пакистандын «кара тизмесинен» чыгаруу жолдору талкууланды

17 февраля 2021, 09:47

2021-жылдын 16-февралында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистанга болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган өлкөнүн билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Махмуд жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, баарлашуунун жүрүшүндө тараптар орто жана жогорку билим берүү, кесиптик билим берүү, эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Пакистан студенттеринин Кыргызстанда окутуу үчүн шарттарды жакшыртуу маселелерин жана Кыргызстандын медициналык университеттерин Пакистандын медициналык комиссиясынын «кара тизмесинен» чыгаруу жолдорун талкуулашты.