Париждеги туристтик көргөзмөгө катышуучуларды тандоо башталды
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду IFTM Top Resa 2023 эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышуучуларды кабыл алууну жарыялады. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, көргөзмө ушул жылдын 3-5-октябрына чейин Парижде өтөт.
Көргөзмөнүн катышуучусу катары уюмду алдын ала каттоо үчүн https://forms.gle/VR26MAp1sXQeK6wt8 шилтемеси боюнча анкета толтуруу керек.