COVID-19 вакцинасына тендер жарыяланды

16 ноября 2020, 12:15

ЮНИСЕФ менен Панамерикалык саламаттык сактоо уюму 2021-жылы эки миллиард доза COVID-19 вакцинасын алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу БУУнун сайтында маалымдалды.

Тендердин максаты - адилеттүү бөлүштүрүү принцибинин негизинде COVAXке катышкан 186 мамлекеттеги муктаждарга сапаттуу вакциналар менен камсыз кылуу. Белгилей кетсек, тизмедеги 82 өлкө вакциналарды сатып алуу үчүн каржылык колдоо ала турган, кирешеси төмөн өлкөлөр. Алты жуманын ичинде, өндүрүүчүлөр вакцинанын массалык түрдө өндүрүлүшүн камсыз кыла турган, эң акыркы 2021-жылдын аягына чейин өз арыздарын берүүгө чакырылгандыгын кошумчалайбыз.