“Кыргызтелекомдун” башкармалыгынын курамындагы кезектеги өзгөрүүлөр

9 марта 2022, 15:55

“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин чечими менен башкармалыктын төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Тактап айтканда, Талантбек Ысаковдун ыйгарым укуктары токтотулган. Мындай чечим 7-мартта кабыл алынган, бирок анын себептери айтылган жок.

Кошумчалай кетсек, “Кыргызтелеком” акыркы бир жылдын ичинде башкармалыктын курамы сегиз жолу өзгөргөндүгү тууралуу маалымат берген.