Комбанк мыйзам бузгандыгы үчүн Улуттук банкы тарабынан айыпка жыгылды

29 июня 2022, 11:33

Улуттук банк өлкөдөгү коммерциялык банктардын бирине мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 23-июнда бир коммерциялык банкка Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн айып пул салынганы айтылат. Бирок банк өз билдирүүсүндө айып пул салынган банктын атын ачыктаган жок.

Кошумчаласак, буга чейин да Улуттук банк коммерциялык банкка айып пул салганын жарыялап, анын атын да ачыктаган эмес.