Ата мекендик банктардын бири SWIFT системасына чектөө киргизди
“Finca Bank” SWIFT системасы менен акча которууларды жөнөтүү үчүн максималдуу суммага чектөөнү убактылуу киргизди.
"SWIFT системасы аркылуу эл аралык которуулардын максималдуу суммасы 30 миң долларды же чет өлкөлүк валютадагы эквивалент - 2,6 млн рубль, 27,5 миң евро же 13,4 млн казак теңгесин түзөт", - деп айтылат маалыматта.